Ушу тапта Бишкек шаардык сотунун имаратынын тегерегинде коопсуздук чаралары күчөтүлгөн тартипте камсыздалууда. Милиция кызматкерлеринин саны ал жерде чогулган элдин санынан көп экенин, айрымдары атайын үйрөтүлгөн иттер менен жүргөнүн кабарчыбыз билдирет. Камалгандардын тарапкерлеринин саны жүздөй адам.
Бүгүн 3-октябрда бийликти басып алууга аракет жасады деген шек менен камалган "Ата-Журт" партиясынын лидер депутаттарынын баш коргоо чарасын өзгөртүү тууралуу алардын адвокаттарынын арызы каралат. Азырынча сот боло турган жерге айыпталуучулардын өзүлөрүн алып келише элек. (ZB/RK)