Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:30

"Ата-Журттун" камалган лидерлеринин тарапкерлери сот алдында митингге чыкты


Ушу тапта Бишкек шаардык сотунун алдында жүздөй киши катышкан митинг өтүүдө. Анын уюштуруучулары - 3-октябрда камакка алынган депутаттардын, "Ата-Журт" партиясынын лидерлеринин тарапкерлери. Ошондой эле 3-октябрдагы окуяга тиешеси бар деген шек менен камалган коомдук ишмер Кубатбек Кожоналиевдин жана "Асаба" партиясынын лидери Салмоорбек Дыйкановдун да тарапкерлери жүргөнүн кабарчыбыз билдирет.

Митингде камалгандарды бошотуу талабы коюлуп, алардын иши саясый буюртма деген пикирлер айтылууда. Коопсуздук чаралары күчөтүлгөн. Милиционерлер атайын үйрөтүлгөн иттер менен жүрөт. Митингчилердин саны 100дөй адам. Алар үн катуулаткыч менен сүйлөп, өз талаптарын айтып жатат.

Бүгүн Бишкек шаардык сотунда камактагы депутаттар Камчыбек Ташиевдин, Садыр Жапаровдун жана Талант Мамытовдун баш коргоо чарасын өзгөртүү же ошо бойдон калтыруу чечими кабыл алынат. 5-октябрда аларга бийликти басып алууга аракеттенген, ошого үндөгөн деген айыптар тагылып, УКМКнын тергөө абагына эки айга камоо чечими кабыл алынган. Бирок бул чечимге каршы адвокаттар Бишкек шаардык сотуна кайрылган болчу. (ZB/RK)

XS
SM
MD
LG