Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:55

Камактагы депутаттарды сотко алып келишти


5-октябрдан бери УКМКнын тергөө абагында жаткан депутаттарды Бишкек шаардык сотуна алып келишти. Бүгүн алардын баш коргоо чарасы боюнча маселе каралат. Соттун алдында алардын тарапкерлеринин митинги өтүп жатат. Жүздөй киши алардын бошотулушун талап кылууда.

Коопсуздук чаралары күчөтүлгөн. Милиционерлер атайын үйрөтүлгөн иттер менен жүрөт.

Бүгүн Бишкек шаардык сотунда камактагы оппозициялык депутаттар, "Ата-Журт" партиясынын лидерлери Камчыбек Ташиевдин, Садыр Жапаровдун жана Талант Мамытовдун баш коргоо чарасын өзгөртүү же ошо бойдон калтыруу чечими кабыл алынат.

5-октябрда аларга бийликти басып алууга аракеттенген, ошого үндөгөн деген айыптар тагылып, УКМКнын тергөө абагына эки айга камоо чечими кабыл алынган. Бирок бул чечимге каршы адвокаттар Бишкек шаардык сотуна кайрылган болчу. (ZB/RK)

XS
SM
MD
LG