Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:18

Ошто Гапар Айтиевдин 100 жылдыгы белгиленүүдө


Бүгүн Ош шаарында Кыргыз Эл сүрөтчүсү Гапар Айтиевдин 100 жылдык маарекеси өтүп жатат. Ушул тапта Ош улуттук драм театрында сүрөтчүнүн өмүр таржымалына арналган документалдык тасма көрсөтүлүп жатат. Андан соң Гапар Айтиев тарткан сүрөттөрдүн көргөзмөсү ачылат.

Маарекени өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгү уюштурду.

Гапар Айтиев кыргыз тарыхындагы эң алгачкы профессионалдык сүрөтчү катары белгилүү. Анын эң негизги темасы пейзаж болуп саналат.

Сүрөтчү 1912-жылдын 28-сентябрында Ош облусунун Кара-Суу районундагы Төлөйкөн айылында дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган. 1984-жылы жарык менен кош
айтышкан. Анын эстелиги өзү туулган айылына коюлган. (SE/RK)

XS
SM
MD
LG