Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:06

Жети жаштагы кызга сексуалдык ыдык көрсөткөн кылмышкер 20 жылга кесилди


Бишкектин Свердлов райондук соту жети жаштагы кызга сексуалдык ыдык көрсөттү делген 36 жаштагы Акбаржан Масимовдун кылмышкер экенин далилдеп, аны 20 жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу Балдардын укугун коргоочулар лигасы кабарлайт. Окуя быйыл апрел айында болгон. Кылмыштын далилдениши үчүн аталган уюм жана Балдарга жардам борбору юридикалык колдоо көрсөттү. Балдарга жардам борбору бул сыяктуу окуяга күбө болгондорго кайрылат. Эгерде балдарга карата зордук-зомбулук факттары болсо, аталган уюмга Бишкектеги 54 29 34, 45 27 58, 44 25 10 телефон номурлары аркылуу кайрылса болот. (RK)

XS
SM
MD
LG