Нарындын Нарын районуна караштуу Эмгекчил айылында ушу тапта нааразылык акциясы өтүп жатат. Кабарчыбыздын айтымында, депутат Нариман Түлеевдин эки жүздөй тарапкери анын бошотулушун талап кылууда. Мамлекеттик бийлик өкүлдөрүнүн келишин талап кылып, эгер эч ким көңүл бурбаса, Бишкек - Торугарт унаа жолун тосмой болууда. Акция өтүп жаткан жерде үч боз үй тигилип турат.
Митингди уюштуруучуларынын бири Бердибек Дайыров бүгүн тынч митинг болоорун, алар "Ата-Журт" партиясынын лидердери Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовдун тарапкерлери уюштуруп жаткан нааразылык акцияларына тиешеси жок экенин, талабы аткарылбаса жолду бөгөп, чоң унааларды тосоорун “Азаттыкка” билдирди.
Түлеев Бишкектин мэри болуп иштеген учурда Кытайдан автобус сатып алууда мамлекеттик бюджетке зыян келтирген деген айып менен УКМКнын тергөө абагында август айынан бери камакта жатат. Тергөө аяктай элек. (TSh/RK)