Жогорку Кеңештеги "Ата-Журт" фракциясынын камактагы үч депутаты - Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовдун жүздөй тарапкери Бишкек шаардык сотунан чыгып ушу тапта көчөлөрдү аралап парламентти көздөй жөө баратат. Жол кыймылына анча деле тоскоолдук жаралбаганын, алар өз талабын Жогорку Кеңеш алдына барып коюуну улантмай болуп жатканын кабарчыбыз билдирет.
Бир нече мүнөт мурда шаардык сот Биринчи Май райондук сотунун Ташиев жана Мамытов боюнча чечимин күчүндө калтырды. Жапаров боюнча сот жыйыны 22-октябрда өтөт.
3-октябрда Бишкекте Кумтөр боюнча митингге чогулгандарды "Ата-Журт" партиясынын башчысы Камчыбек Ташиев бийликти алууга ачык үндөп, митингчилердин бир тобун баштап, өзү иштеген парламенттин темир тосмосунан ашып түшкөн. Жогорку Кеңештин короосуна кирип баргандарды милиция күчтөп таратууга аргасыз болгон.
5-октябрда "Ата-Журт" фракциясынын лидери Садыр Жапаровдун, фракция мүчөлөрү Камчыбек Ташиев менен Талант Мамытовдун баш коргоо чарасын караган Бишкектин Биринчи Май райондук соту алардын абактагы мөөнөтүн эки айга узарткан. Бүгүн шаардык сот камалган депутаттардын адвокаттарынын райондук соттун чечимине карата апелляциялык арызын карады.
Тергөө Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевге Кылмыш кодексиндеги эки беренеси: Конституциялык түзүлүштү өзгөртүүгө чакырык таштоо жана бийликти басып алууга аракет кылуу боюнча айып койгон. Ал эми үчүнчү депутат Талант Мамытовго бийликти басып алууга аракет кылуу деген бир берене боюнча айып тагылган.
Бүгүнкү сот жыйынына карата камалган депутаттардын жүздөй тарапкери ошол жерге чогулуп, алардын бошотулушун талап кылып митинг өткөргөн. (ZB/RK)