"Ата-Журт" фракциясынын камактагы депутаттарынын адвокаты Икрамидин Айткулов Бишкек шаардык сотунун бүгүнкү чечимин саясый мүнөзгө ээ деп атап, Жогорку Сотко эртең көзөмөл арыз менен кайрылаарын "Азаттыкка" билдирди.
3-октябрда бийликти басып алууга аракет жасаган деген айып менен "Ата-Журттун" үч лидер депутаты Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытов 5-октябрда Биринчи Май райондук сотунун чечими менен эки айга УКМКнын тергөө абагына камакка алынган. Мындай чечимге каршы болгон айыпталуучу тараптын адвокаттары шаардык сотко кайрылган. Бүгүн Бишкек шаардык соту райондук соттун Камчыбек Ташиев жана Талант Мамытов боюнча чечимин өзгөртүүдөн баш тартты. Садыр Жапаров боюнча сот 22-октябрда өтөт. (ZB/RK)