Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Июль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:36

Жогорку Кеңештин коопсуздук чаралары күчөтүлдү


Ушу тапта Жогорку Кеңеш имаратынын коопсуздук чаралары катуу күчөтүлдү. Кабарчыбыздын айтымында, темир тосмонун сыртында ар бир он метр сайын күч кызматкери турат. Айрымдары атайын үйрөтүлгөн иттер менен жүрөт. Тосмонун ары жагында да көп сандагы милиция кызматкерлери турат.

3-октябрда бийликти басып алууга аракет жасаган деген айып менен "Ата-Журттун" үч лидер депутаты Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытов 5-октябрда Биринчи Май райондук сотунун чечими менен эки айга УКМКнын тергөө абагына камакка алынган. Мындай чечимге каршы болгон айыпталуучу тараптын адвокаттары шаардык сотко кайрылган. Бүгүн Бишкек шаардык соту райондук соттун Камчыбек Ташиев жана Талант Мамытов боюнча чечимин өзгөртүүдөн баш тартты. Ал эми Садыр Жапаровдун баш коргоо чарасы боюнча сот 22-октябрда өтөт.

Бишкек шаардык сотунун чечимине каршы болгон жүздөй киши сот болгон жерден жөө чыгып, көчөлөрдү аралап Жогорку Кеңештин алдына барды. (ZB/RK)

XS
SM
MD
LG