Британиянын мыйзамдарына ылайык, баш калкалоо боюнча жеке маселелерге байланыштуу комментарий берилбейт. Бул тууралуу бүгүн Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Жудит Фарнворт билдирүү жасады. "Максим Бакиевдин Улуу Британиядагы иммиграциялык статусу кандай?" деген суроо азыр коомчулукта кызуу талкууланып жатканын, бирок жогоруда айтылган принцип Британиядагы туруктуу шарт экенин айтты.
Бирок элчинин айтымында, кимди болбосун качкын катары кабыл алуу боюнча британ мыйзамдары ал адамды башка өлкөгө өткөрүп берүүгө жолтоо болбойт.
Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиев 12-октябрда Лондондо кармалган. 15-октябрда сот башталганга чейин камактан күрөөгө бошотулган. Президенттин аппараттынын маалымат кызматы кабарлагандай, ал АКШнын өтүнүчүнүн негизинде кармалган. АКШда Максим Бакиев "баалуу кагаздар боюнча көз боёмочулук кылды жана башка экономикалык кылмыш жасады" деп шектелип, ага издөө салынган.
Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу, ошол тушта президентке караштуу Өнүктүрүү, инвестиция жана инновация боюнча борбордук агенттиктин жетекчиси Максим Бакиевге Кыргызстанда өзүнүн өнөктөштөрү менен бирге миллиондогон долларлык мамлекеттик каражатты өз кызыкчылыгында пайдаланган жана апрел окуясынан кийин өлкөдө болгон кутумчул окуяларга тиешеси бар деген айып тагылып, ага эл аралык издөө жарыяланган. 2010-жылы июн айында ал Лондондо кармалганы айтылып, көп өтпөй кайрадан коё берилгени кабарланган.(RK)