Грузиянын президенти Михаил Саакашвили шайлоодо жеңишке жеткен “Грузин кыялы” блогунун лидери Иванишвилинин талапкерлигин өкмөт башчылык кызматка бекитүү сунушун парламентке жиберди. Эми Баш мыйзамга ылайык, жаңы премьер-министр он күндүн ичинде өкмөттү курайт.
“Грузин кыялы” коалициясы ай башындагы шайлоодо Саакашвилинин "Бириккен улуттук кыймыл" партиясын утуп алган.
Грузин медиа каражаттары Саакашвилинин өкмөтүндөгү аткаминерлердин көбү азыр дайынсыз болуп жатканын, алар жаңы бийликтин куугунтугунан чочулап, өлкөдөн кетип жаткан болушу мүмкүн деген жоромолдорду жазып чыгышты.