Камчыбек Ташиевдин мамлекет башчынын атына жазылган кайрылуусунун көчүрмөсү тергөө тобунун башчысы Жылдызбек Исмаиловго, УКМКнын абак жайынын жетекчисине жана адвокатына да даректелген.
Бул тууралуу “Азаттыкка” анын адвокаты Икрамидин Айткулов кабарлады:
- Ал кайрылуусунда өзүнө карата тагылган айыптар, козголгон кылмыш ишин мыйзамсыз деп билдирип, өзүнүн бийликти басып алууга ниети жок болгонун, бул тууралуу президентке туура эмес маалымат берилгенин, өзүнүн аракети элдин кызыкчылыгы үчүн, Кумтөр алтын кенине коомчулуктун көңүлүн бурдуруу максатында гана болгонун жазган. Ошондой эле ал президентке эч кандай шарт койгон жок.
Адвокат Ташиев кайрылуусун УКМК абак жайынын башчысына бергендигин, бирок алар кайрылуунун адвокатка даректелген көчүрмөсүн ага берүүдөн баш тартып, жандоочу кат менен кошо почта аркылуу жиберишерин билдиргенин да кошумчалады.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы абак жайдын жетекчилигинин аракетине баа бере албастыгын “Азаттыкка” маалымдашты.(ZKo)