Шаардагы №69 орто мектепте жана Бишкектеги “Дүлөйлөр жана дудуктар мектеп-интернатында” иштеген эки мугалимге үйдү “Хабитат-Кыргызстан” кайрымдуулук коомдук фонду куруп берди. Аталган фонддун маалымат катчысы Бермет Турсалиеванын “Азаттыкка” билдиришинче, үйлөр эки жыл мурун “Мугалимге турак-жай” акциясынын негизинде курулуп башталган. Үйдүн акысын мугалимдер он беш жыл аралыгында төлөп кутула алышат.
Мугалимдерге үйдүн ачкычын тапшыруу аземине вице-премьер-министр Камила Талиева катышарын өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.
“Хабитат-Кыргызстан” кайрымдуулук коомдук фонду социалдык жактан аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө арзан үй тургузууга жардам берет. Аталган фонд тарабынан буга чейин ондогон үй-бүлө турак-жайлуу болушкан.(ZKo)