Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:47

Ташкенде энергетикалык айлампа маселеси талкууланат


Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстандын энергетиктери бүгүн Борбор Азиядагы энергетикалык айлампа маселеси боюнча кезектеги сүйлөшүүгө чогулат. Жыйынга Кыргызстандан “Улуттук электр станциялары” ишканасынын башчысы Медетбек Айткулов катышмакчы. Аталган мекемеден алынган маалыматка ылайык, Борбор Азиядагы энергетикалык айлампа тууралуу сүйлөшүүлөр төрт этап менен өтөт. Алгачкысы сентябрь айында Казакстандын борбору Астана шаарында болуп, бирок Кыргызстан үчүн натыйжалуу болгон эмес.

Казак тарап эки жылдан бери энергетикалык айлампадан чыгарын билдирип келет, алар муну Өзбекстанды айлампадагы электр энергиясын мыйзамсыз алып жатканына негиздеген. Кыргызстандык энергетиктер бүгүнкү сүйлөшүүлөр натыйжалуу болооруна үмүттөнүшүүдө.

Борбор Азиядагы энергетикалык айлампадан Казакстан чыга турган болсо Кыргызстандын түштүгүнүн бир бөлүгү менен түндүгү электр энергиясыз калуу коркунучу бар. Кыргыз өкмөтү бул кенемтени жоюу үчүн Датка-Кемин жогорку чыңалуудагы линиясын куруп баштаган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG