Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:51

Депутаттарга ала качуудан жабыркаган кыздын “белеги" берилет


Парламент депутаттарына ала качуудан майып болуп калган кыздын катын жана гүлдестесин "белек" катары тартуулоо демилгеси “Айкын багыт” коомдук уюмуна таандык. Аталган уюмдан “Азаттыкка” маалымдашкандай, бул акция бүгүн парламентте кыз ала качкандарга кылмыш жоопкерчилигин катуулатуу тууралуу мыйзам долбоорунун каралышына байланыштуу жасалууда.

Буга чейин айрым депутаттар, жарандык коом кыз ала качкандарга кылмыш жоопкерчилигин катуулатып, жети жылдан он жылга чейин эркинен ажыратууну сунушташкан. Аялдар укугун коргоочулардын маалыматы боюнча, жыл сайын Кыргызстанда ала качылып, үй-бүлө курууга мажбурланган кыздардын саны 13-15 миң чамалуу, алардын көпчүлүгү кийин турмуштан бактысыз болуп калганы, айрым учурларда кыздар өз жанын кыйып, өмүр менен кош айтышканы айтылат. Өткөн жылы Ысык-Көлдө ушинтип өмүрүн кыйган кызды ала качкан жигит быйыл 20-сентябрь күнү сот чечими менен алты жылга эркинен ажыратылды.

Бүгүн депутаттарга тапшырыла турган "ачуу белектин" ээси Бактыгүл аттуу кыз ала качуудан улам өз жанына кол салып, майып болгонун, буга айыптуу адам жазасыз басып жүргөнү тууралуу өзүнүн катында баяндаган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG