Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Декабрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:50

Брахими: Сириядагы жаңжал аймакты “өрткө” чулгай алат


Лахдар Брахими.
Лахдар Брахими.
Мындай кооптонуусун Улуттар уюмунун Сирия боюнча атайын чабарманы Лахдар Брахими кечээ Ливанда болгон учурунда айтты. Ал Сирия кризиси “өтө татаал жараян” экенин белгилеп, бул өлкөдөгү ок атышууларды биротоло токтотуу мүмкүнчүлүгүн “тырнактай” деп атады.

Мунун алдында БУУнун Сириядагы укук бузууларды иликтеген комиссиясынын башчысы Пауло Сергио Пинейро Сирияга келген жүздөгөн чет элдик согушкерлер “демократиялык мамлекет куруу” үчүн эмес, “өзүлөрүнүн” радикал максаттары үчүн согушуп жатат деген кооптонуу бардыгын билдирген.

Комиссия мүчөлөрүнүн айтымында, алар  өткөргөн  интервьюлар Сирияга “он бирдей”, анын ичинде коңшу өлкөлөрдөн согушкерлер келгенин ишара кылган.
(UE)

 

XS
SM
MD
LG