Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:28

АКШда Улуттук банкка кол салууну көздөгөн адам камалды


Бийликтердин айтымында, бангладештик 21 жаштагы Куази Нафис Федералдык резерв системасынын Нью-Йорктогу имаратын бомба менен жардырууну көздөгөн. Аны шаршемби күнү эртең менен ФБР жана Нью-Йорктун полициясы биргелешип кармады. Федералдык резерв системасы АКШда Улуттук банк катары саналат.

Кылмышка шектүү ичинде салмагы 453 килограмм келген жардыруучу зат бар деп ойлогон унааны тиешелүү имараттын сыртына токтотуп, дүрмөткө келтирүүгө аракеттенген.

Расмий өкүлдөр билдиргендей, Нафис “ал-Каида” террордук түйүнү менен байланышта болгон жана кол салууну ишке ашыруу үчүн АКШга январь айында келген.

Өзүнө шерик издеген учурда ФБРдин адамдарынын кылтагына илинген. Анын Федералдык резерв системасынын имартын жардыруу аракетине кылдат байкоо салынып турган.
(UE)

XS
SM
MD
LG