Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2021 жума, Бишкек убактысы 18:12

УЕФА Сербияга каршы чара көрөт


Крушевацтагы мелдеште расисттик мүнөздөгү сөздөр гана айтылбастан, эки команданын оюнчулары тиреше да кеткен.
Европанын футбол боюнча башкы уюмунун жарыясына караганда, Сербияга тартип боюнча чара көрүү жараяны башталды. Мындай кадам Англия менен Сербиянын жаштар командалары беттешкенде серб күйөрмандары расисттик мүнөздөгү сөздөрдү кыйкыргандан кийин жасалууда.

УЕФАнын айтымында, ал ошондой эле эки команданын тең оюнчуларынын мелдеш учурундагы жүрүм-туруму талапка жооп берген-бербегенин да иликтейт.

Эки күн мурда Сербиянын Крушевац шаарында өткөн оюндан кийин британ премьер-министри Дэвид Камерон УЕФАны Сербияга каршы чечкиндүү чара көрүүгө үндөгөн.

Крушевац шаарында Сербия - Англия беттешинде болгон көрүнүштөрдү УЕФАнын тартип комиссиясы 22-ноябрда карай турган болду. (UE)

XS
SM
MD
LG