Борбор Приштинада энергетиканын менчиктештирилишине каршы чыккан демонстранттарды таратуу үчүн полиция көздөн жаш агызуучу газ колдонду жана алар өкмөт үйүнө жакындашына жол берген жок. Мунун алдында кечээ Косовонун өкмөтү электр бөлүштүрүү түйүнүн түркиялык концорциумга 26 миллион евро же 34,5 миллион долларга сатканын жарыялаган.
2008-жылы Сербиядан бир тараптуу бөлүнгөн Косово Европанын эң жакыр аймактарынын бири. Өкмөт электр кубатын бөлүштүрүүчү компанияны жеке колго өткөрүү экономиканын өнүгүшүнө түрткү берет деп үмүттөнүүдө.
Ал эми бул чечимге каршы чыккандар менчиктештирүү жараяны коррупция менен коштолуп, улуттук байлык базар баасынан арзан сатылып кетүүдө деп ырасташат.
(UE)