Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:27

Кыргызстанда нааразылык акциялары уланып жатат


Жалал-Абадд а “атажуртчу” үч депутатты бошотуу, Кумтөр алтын кенин мамлекетке кайтаруу талабы менен ачкачылык акциясы уланып жатат. Ушул тапта шаардагы борбордук аянтта тигилген боз үйдө 24 аял наар албай отурушат. Аларга медицина кызматкерлери көз салышууда. Кечээки жыйында кабыл алынган чечимге ылайык, Бишкекке карай жөө жүрүш менен чыгуу маселеси азырынча анык чечиле электигин “Ата Журт” партиясынын облустук штабынан “Азаттыкка” маалымдашты.

Ал эми Садыр Жапаровдун камактан бошотулушун талап кылып, Түптөн келген тарапкерлери Балыкчы шаарына боз үй тигип жайгашканы кабарланды. Алар 22-октябрда Жапаровдун баш коргоо чарасы боюнча сот өткөнчө эч жака кетпей турганын билдиришүүдө.

Нарында “Ата-Журт” партиясынын дагы бир депутаты, Бишкектин экс-мэри Нариман Түлеевдин тарапкерлери кечээ мөөнөтсүз нааразылык акциясын жарыялашкан. Алар Нариман Түлеевдин абактан бошотулуусун талап кылышып, эгер бул ишке ашпаса, Бишкек-Торугарт жолун торой турганын айтышкан.

Нариман Түлеев Бишкектин мэри болуп турган учурда мамлекеттик бюджетке зыян келтирген деген айып менен УКМКнын тергөө абагында август айынан бери камакта жатат.(YA:;MK;TSh;ZKo)

XS
SM
MD
LG