Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:57

Жогорку Сот кыйноо фактысы боюнча милиционерлердин ишин карайт


Сот жараяны Ош шаардык ИИБинин төрт кызматкери: Алтынбек Сулайманов, Акылбек Касымов, Тимур Кыргызбаев жана Талгат Исабековдун үстүнөн жабырлануучунун адвокатынын көзөмөл арызы боюнча болот. Алар 2011-жылы 5-июлда Шарабиддин Юлдашевди кармап, бир сутка бою кыйнаган деп айыпталышкан.

Жабырлануучунун адвокаты, “Жарандар коррупцияга каршы” коомдук уюмунун Оштогу юристи Валериан Вахитовдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча, буга чейин ишти караган Ош шаардык соту милиция кызматкерлеринин аракетинде кылмыш курамы жок деген негиз менен аларды актаган чечим чыгарган. Бул чечимди Ош облустук соту да күчүндө калтырган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG