Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:07

Келдибеков: Парламент кризисте


"Ата-Журттун" төрт депутаты камакта жатканы - бул аталган фракциядагы гана эмес, жалпы парламенттеги кризис. Мындай пикирин ушу тапта парламентте өтүп жаткан жыйында "Ата-Журт" фракциясынан депутат Ахматбек Келдибеков билдирди. Тергөө абагында жаткан "атажуртчу" депутаттар мыйзам негизинде үй камагына же сыртка чыкпоо тууралуу тилкат менен чыгарылышы керек экенин айтты.

3-октябрда бийликти басып алууга аракеттенген деген айып менен оппозициялык "Ата-Журт" фракциясынын үч депутаты - Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытов 5-октябрда эки айга камакка алынган. Садыр Жапаров - фракция башчысы, ал эми Талант Мамытов - вице-спикер.

Жайында "Ата-Журттун" дагы бир депутаты - Нариман Түлеев 2008-жылы Бишкектин мэри болуп турганда Кытайдан автобус сатып келүүдө мамлекеттик казынага зыян келтирген деген айып менен тергөө абагына камалган.

Камактагы депутаттардын жактоочулары жана тарапкерлери аларга карата козголгон кылмыш иштер мыйзамсыз, саясый буюртма деп айтып келет.

Ал эми тергөөчүлөр камактагы депутаттардын күнөөсүн тастыктаган далилдер жетиштүү деген пикирде. (RK)

XS
SM
MD
LG