Камактагы депутаттар жасаган ишине жараша мыйзам алдында жооп берсин. Мындай пикирин ушу тапта парламентте өтүп жаткан жыйында депутат Ирина Карамушкина айтты.
Депутат айым парламенттин темир тосмосунан секирип түшүү - уят иш, бийликти басып алууга жасалган аракет болгонун, мындай кадамга барган депутаттар үчүн уялаарын, кечирим сураарын айтты. Буга чейинки режимдер тушундагы оппозицияга караганда азыркы оппозицияга пикирин билдирип, ачык айтууга, элге жеткирүүгө баардык шарттар түзүлгөнүн, эч кандай чектөө жок экенин кошумчалады.
3-октябрда Бишкекте Кумтөр боюнча уюштурулган митингден кийин депутат Камчыбек Ташиев баштаган бир топ адам Жогорку Кеңеш тарапты көздөй өтүп барып, темир тосмодон ашып түшкөн. "Ата-Журт" фракциясынын үч депутаты - Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытов бийликти басып алууга аракет жасады деген айып менен тергөө учуруна эки айга камакка алынган.
Камактагы депутаттардын жактоочулары жана тарапкерлери бул саясый буйрук жана мыйзамсыздык деп эсептейт. (RK)