Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:21

Бокоев: Жалал-Абаддагы ачкачылыкта кош бойлуу келин да бар


Жалал-Абадда "Ата-Журт" фракциясынын камалган депутаттарынын бошотулушун талап кылып ачкачылык жарыялап отургандардын арасында беш айлык кош бойлуу келин да бар. Бул тууралуу ушу тапта Жогорку Кеңеште өтүп жаткан жалпы жыйында депутат Кенжебек Бокоев айтты.

Ал Жалал-Абадга өзү барып, ачкачылыкта отургандар менен жолукканын, алардын талаптарына бийлик көңүл бурбай жатканын, бул маселени парламентте атайын жыйында талкуулоо керек экенин билдирди.

Бийликти басып алууга аракет жасады деген айып менен 5-октябрда УКМКнын тергөө абагына эки айга камакка алынган "Ата-Журт" партиясынын үч депутатынын бошотулушун талап кылып 25 аял Жалал-Абаддын борбордук аянтында 8-октябрдан бери ачкачылыкта отурат. (RK)

XS
SM
MD
LG