Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:55

Бишкек: "155" ала качууга каршы


Аялдардын укугун коргоо жаатында иштеген уюмдардын 30ка жакын өкүлү, укук коргоочулар бүгүн Жогорку Кеңештин имаратынын алдына акция өткөрдү. Алар “155” аттуу акция алкагында бүгүн парламент жыйынында карала турган Кылмыш-жаза кодексинин 155-беренесине өзгөртүү киргизүүнү суранышты. Ошондой эле акция катышуучулары депутаттарга атайын белек тапшырышты. Ал белек ичинде депутаттарга ала качуудан улам майып болуп калган кыздын кайрылуусу жана үлпөт гүлү салынган.

Парламентте каралып жаткан мыйзамга ылайык кыз ала качууну адам уурдоо деген кылмышка теңеп, жазасын беш жылдан жети жылга чейин көбөйтүү каралууда. Бирок айрым депутаттар бул мыйзам кабыл алынса, ала качты деп акча өндүргөн шылуундар пайда болорун да белгилешүүдө.

Укук коргоочулардын маалыматында, жылына Кыргызстанда 10 миңден ашуун кыз ала качууга туш болот.

Кыргызстанда ала качуунун айынан адам өмүрүнө залал келген учурлар көп катталып жатат. Акыркы эле учурда Ысык-Көл облусунда ала качуунун курмандыгы болгон үч кыз өз жанын кыйганы белгилүү. (BkA/RK)

XS
SM
MD
LG