Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Июль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:35

Баткенде куткаруучулар эки баланы өрттөн аман алып калышты


Баткен облусунда куткаруучулар эки баланы өрт кырсыгынан аман алып калышты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Баткен шаарынын Бакай-Ата көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн биринде электр буюмун туура эмес пайдалануунун айынан өрт чыгып, бир бөлмөнүн шыбы, терезелери, ичиндеги килем, төшөнчү күйүп кетти. Аман калган балдар - тогуз жаштагы Акбарали уулу Мирланбек жана жети жаштагы Жумаев Нурланбек.

Кечээтен бери Кыргызстандын аймагында 19 өрт кырсыгы катталды. Адам өмүрүнө зыян тийген жок. (RK)

XS
SM
MD
LG