Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Июль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:18

Жалал-Абаддагы ачкачылыкка Ташиевдин кош бойлуу карындашы катышууда


Камактагы "Ата-Журт" партиясынын лидери Камчыбек Ташиевдин эң кичүү карындашы Гүлзада Ташиева Жалал-Абадда өтүп жаткан ачкачылык акциясына катышууда. Бул тууралуу аймактагы кабарчыбыз билдирет. Гүлзада Ташиеванын жети айлык боюнда бар экени айтылууда.

Жалпысынан нааразылык акциясында отургандардын саны 25 аял. Алардын 12си - Баатыр энелер. Кечээ үчөөнүн кан басымы жогорулады. Айрымдары суук тийип бир аз сыркоолоп калганы кабарланууда.

Бүгүн парламенттин жыйынында депутат Кенжебек Бокоев ачкачылыкта отургандардын арасында беш айлык кош бойлуу келин бар экенин, алардын талабына бийлик көңүл бурбай жатканын айткан.

Ачкачылыктын максаты - бийликти басып алууга аракет жасады деген айып менен тергөө абагына эки айга камалган оппозициялык "Ата-Журт" партиясынын лидерлерин бошотуу. (YA/RK)

XS
SM
MD
LG