Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:25

Молдалиев: Камалган депутаттар маселесин сот чечсин


Камактагы депутаттар боюнча маселени сот чечсин. Бул тууралуу бүгүн Кыргызстандын президентинин парламенттеги өкүлү Орозбек Молдалиев билдирди.

Анын айтымында, 3-октябрда бийликти басып алууга аракет жасаган деген айып менен камалгандар боюнча келгендердин баарын президенттик аппараттын башчысынын милдетин аткаруучу Данияр Нарымбаев кабыл алып жатат.

"Ошондуктан көңүл бурулбай калды, каралбай койду деген ойдон мен алысмын", - деди Молдалиев.

3-октябрда бийликти басып алууга аракет жасады деген айып менен эки айга тергөө абагына камалган оппозициялык "Ата-Журт" партиясынын үч депутатынын бошотулушун талап кылган нааразылык акцияларына жана кайрылууларга бийлик көңүл бурбай жатканын парламенттин бүгүнкү жыйынында айрым депутаттар айтып чыккан. (RK)

XS
SM
MD
LG