Грекияда бүгүн өкмөттүн антикризистик иш-чараларына, анын ичинде эмгек акыларды жана пенсияларды кыскартууга каршы иш таштоо күнү. Өлкө борбору Афиныда мамлекеттик мекемелер, дүкөндөр, ооруканалар жана коомдук унаа таң эртеден иштебей турат. Акыркы үч жумадагы бул экинчи саясый акцияны гректердин эң чоң эки кесиптик союзу уюштурууда.
Экинчи дүйнөлүк согуштан берки эң оор кризиске тушуккан Грекия бюджеттик чыгымдарды кыскартууга Еврокомиссия, Европа борбордук банкы жана Эл аралык валюта фонду менен жетишилген келишимге ылайык барууда. Ансыз 130 миллиард евро насыянын кезектеги 11, 5 миллиардын ала алмак эмес.