Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:46

19-октябрга карата аба ырайы


Шашылыш билдирүү
18-октябрда Кыргызстанда жаан жаап, өрөөндөрдө карга айланат. Тоо этектеринде жана тоолордо кар жаайт. Айрым жерлерде жаан-чачын көп болот. 18-19-октябрда күндүз абанын температурасы өрөөндөрдө 1...6 градуска чейин төмөндөйт. 19-октябрда түнкүсүн өрөөндөрдө 0...-5 градуска чейин жеткен үшүк жүрөт. Мындай аба ырайы айыл-чара иштерин үзгүлтүккө учуратып, кант кызылчасы жана пахта терүүнү токтотот. Унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.

Аба ырайы
19-октябрда түнкүсүн айрым жерлерде жаан-чачын болот. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын болуп, калган аймактарда жаабайт. Түндүк-батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрден Ысык-Көлдүн акваториясында 19-24 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 0...-5, күндүз 6...11,
Талас облусунда түнкүсүн 0...-5, күндүз 5...10,
Баткенде түнкүсүн 0...5, айрым жерлерде 0...-3, күндүз 7...12 градус болот.
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0...5, айрым жерлерде 0...-3, күндүз 8...13,
Ысык-Көлдө түнкүсүн -4...+1, күндүз 2...7,
Нарында түнкүсүн 0...-5, күндүз 2...7,
Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -6...-11, күндүз 5...10,
Тоолордо түнкүсүн -12...-17, ал эми күндүз -2...-7 болот.

Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын болушу мүмкүн, күндүз жаабайт. Шамал түндүк-батыштан, ылдамдыгы секундасына 5-10 метр. Абанын температурасы түнкүсүн 0...2, күндүз 8...10 градус болот.

XS
SM
MD
LG