Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:55

Йеменде пилотсуз учак жети ал-каидачыны жок кылды


Йемендин түштүгүндөгү Жаар шаарынын четинде пилотсуз учактын чабуулунан ал-каидачы деп шектелген жети согушчан өлдү. Жергиликтүү маалымат булактары жана Йемендин атын атабаган расмий адамдары пилотсуз учак АКШга таандык болушу ыктымал дешет. Арабия жарым аралынын бул бөлүгүндөгү ал-каидачылар Йемендин түштүгүндөгү чоң шаарларда армияга жана полиция күчтөрүнө каршы маал-маал кол салып турат.

4-октябрда пилостуз учактын сокуусунан Шабва провинциясында ал-каидачы деп шектелген беш согушчан жок кылынган.

XS
SM
MD
LG