Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:44

Германия ЕБ улуттук бюджетти көзөмөлдөсүн дейт


Европа биримдигинде уюмга мүчө өлкөлөрдүн бюджетине вето жарыялоо укугу болуш керек. Германия канцлери Ангела Меркел мындай билдирүүнү өлкө парламентинин төмөнкү палатасы - Бундестагда жасады:

- Биздин ишенимибизде, мен муну бүтүндөй Германия өкмөтүнүн атынан айтуудамын, стабилдүүлүк жана өсүш пактында каралбагандан тышкары Европага улуттук бюджеттерге кийлигишүүгө чындап укук берсек, андан утушка ээ болмокпуз.

Бүгүн Брюсселде ачылчу Биримдиктин эки күндүк саммитинде региондогу насыя кризиси жана еврозонада банктар союзун түзүү маселеси талкууланат.

Бул Евробиримдиктин лидерлеринин кризиске арналган быйылкы төртүнчү, ал эми 2009-жылы Грекияда кризис башталгандан берки 22-саммити.

XS
SM
MD
LG