Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:11

Райкан Төлөгөновдун жардамчысы кармалды


Жогорку Кеңештин депутаты Райкан Төлөгөновдун жардамчысы Нурлан Асанов кармалды. Бул маалыматты "Азаттыкка" ички иштер министрлигинин маалымат катчысы Бакыт Сейитов тастыктады. Айрым маалыматтар боюнча, Нурлан Асанов рейдерлик басып алуучулукка тиешеси бар деп шектелүүдө.

Быйыл августта "Республика” фракциясы кезексиз жыйынга чогулуп, “Ата Мекен” фракциясынын депутаттары Өмүрбек Текебаев, Райкан Төлөгөнов жана Туратбек Мадылбеков апрел окуяларынын кийин мурунку президент Курманбек Бакиев жана анын жакындарына таандык деген үй-мүлктү тоноону уюштурган деп айыпталган. Буга байланыштуу Бишкектеги №1 тергөө абагында отурган Абдулла Юсупов деген жарандын окуя кандай болгонун айтып берген видеосу көрсөтүлгөн.

Бирок "Ата Мекен” фракциясы талоончулукка тийешеси жоктугун билдирип келет. (BK/RK)

XS
SM
MD
LG