Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:26

Кыз ала качканды жазалоо боюнча мыйзам долбоору кезектеги окууда жактырылды


Жогорку Кеңеш кыз ала качкандарды жазалоону катуулатуу боюнча мыйзам долбоорун экинчи окууда кабыл алды. Катталган 75 депутаттын 63ү макул деп, калган 12си каршы чыкты.

Эми аталган мыйзам долбоору үчүнчү окууда да депутаттардын көпчүлүгүнүн колдоосуна ээ болсо, президентке жөнөтүлөт. Мамлекет башчысы кол койсо, иштей баштайт.

Аталган долбоордун максаты - Кыргызстандын мыйзамдарында кыз ала качкандарды кылмышкер деп таап, аларды жазалоо чараларын күчөтүү болуп эсептелет.

Укук коргоочулардын айтымында, мыйзам долбоорунун жактырылышына бүгүн депутаттарга ала качуунун курмандыгы болгон кыздын "ачуу" белегинин берилиши да түрткү болду. Ал белектин ичине Бактыгүл деген кыздын каты жана үлпөт гүлү салынган. Катта Бактыгүлдү ала качкан адам кийин башка бүлө куруп, азыр бактылуу жашап жатканы, ал эми кыз ызасынан өз жанына кол салгандан кийин майып болуп калганы, эми эч кимге кереги жок, бактысыз адам экени айтылат.

"Айкын багыт" уюмунун жетекчиси Мунара Бекназарованын айтымында, азыр кыз ала качкандарды жазалоо үчүн Кылмыш кодексинин 155-беренеси колдонулат. Ал боюнча кылмышкерди үч жылга чейин эркинен ажыратып же административдик айыпка жыкса болот. Бирок бул берене дээрлик иштебейт. Эгер сунушталып жаткан мыйзам добоору колдоо тапса, жазаны катуулатып, 10 жылга чейин эркинен ажыратса болот.

Буга чейин бул маселени талкуулаган айрым депутаттар аталган мыйзам долбооруна каршы экенин билдирип, "анда Кыргызстандагы эркектердин жарымын түрмөгө камаш керек болуп калат", "бул айрым кыздардын мыйзамды өз кызыкчылыгына пайдалануусуна жол ачат" жана "каада-салт бузулат" деп айтып чыккан.

Аялдардын укугун коргогон бейөкмөт уюмдардын билдиргенине караганда, жыл сайын Кыргызстанда 13-15 миң кызды ала качып, үй-бүлө курууга мажбурлашат. Буга байланыштуу милицияга кайрылгандардын саны былтыр 9 гана болгон. Себеби кыздар өз укугун билбейт жана ала качкан адамды жазалоо мүмкүн экенине ишенбейт. Ала качууга байланыштуу Ысык-Көл облусунда жакында өткөрүлгөн иш-чарада 2010-жылдан бери бул облуста 3 кыз ала качкан жерде жашагысы келбей, өз жанын кыйганы маалым болгон. (RK)

XS
SM
MD
LG