Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:47

Түркиялык пианист исламды шылдыңдады деп айыпталууда


Стамбул сотунда түркиялык таанымал пианист жана композитор Фазил Сейдин соту башталбай жатып, 18-февралга жылды. Нью-Йорк филармониясы жана Берлин симфониялык оркестрлери менен иштешкен өнөрпоз Твиттерге намазгөйлөр тууралуу тамаша жарыялап, исламды шылдыңдады деп айыпталууда. Фазил Сей Твиттерге жарыялаган анекдотто 22 секунд гана намаз окуган динзарга: “Эмнеге намазды тез окудуң? Сүйгөнүң күтүп жатабы же ичилбеген ракиби?” деп суроо берилет. Сот белгилүү композиторду 18 айга чейин эркинен ажыратышы мүмкүн. Евробиримдиктеги Түркиянын маданий элчиси болуп да кызмат өтөгөн Фазил Сей өзүн күнөөсүзмүн деп, сот аны акташын талап кылууда.

XS
SM
MD
LG