Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:36

Ала-Букада токмоктолгон судья убактылуу башка сотко которулду


Жалал-Абаддын Ала-Бука районунда токмоктолгон жергиликтүү судья Абибилла Жарымбетов убактылуу башка райондук сотко которулду. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Соттун маалымат кызматы билдирди.

Жогорку Соттун судьясы Абиджан Исаков Ала-Букага барып, ооруканада дарыланып жаткан Жарымбетовдун ден-соолугун сурап, милиция, прокуратуранын өкүлдөрү, жергиликтүү тургундар жана чырдашкан тараптар: күнөөлөнгөн ага-ини Рахмидин жана Шухрат Эгембердиевдер жана жабырлануучу Базаралы Эргешов менен жолугушуп келди.

25-сентябрда Жарымбетовду жүзгө чукул жергиликтүү тургун сабап салганын Жогорку Сот тастыктаган. Анын мээси чайкалганы аныкталган.

Жарымбетов 16-сентябрда ээнбаштык боюнча айыпталган Рахмидин Эгембердиев менен Шухрат Эгембердиевдин баш коргоо чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарган. Анын чечимин облустук сот да күчүндө калтырган.

Эки адамдын үй камагына чыкканына нааразы топ 25-сентябрда иш бөлмөсүндө отурган судья Абибилла Жарымбетовду милицияга баш бербестен сыртка сүйрөп чыгып, ур-токмокко алган.

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Малик Нурдиновдун “Азаттыкка” кабарлашынча, 8-сентябрда райондогу Достук айылында кыргыз жана өзбек тектүү балдар уруша кетишкен. Эки тарап бири-бирине каршы арыз жазган. Натыйжада өзбек тектүү эки бала ээнбаштык боюнча камалып, соттун чечими менен үй камагына чыгарылган. (KKs/RK)

XS
SM
MD
LG