НАТОнун баш катчысы Андерс Фог Расмуссен башындагы Түндүк Атлантика уюмунун кеңешинин делегациясы Кабылга келди. Түндүк Атлантика уюмунун кеңеши- альянстын чечим кабыл алчу жогорку органы.
Расмуссен Ооганстандын президенти Хамид Карзай менен кездешкенден кийин өткөн маалымат жыйынында 2014-жылы НАТО башындагы көп улуттуу күчтөр Ооганстандан чыгып кеткенден кийин деле өлкөнү эл аралык коомчулук жалгыз калтырбасын билдирди:
- Биздин бүгүнкү сапарыбыз биз өз милдеттенмебизде бекем турганыбызды ачык шарданалайт. Эл аралык бейпилдик күчтөрүнө кирген бардык 50 өлкө азыр жана узак келечекте Ооганстан менен боло берет. Биз жасап жаткан прогрессти өз көзүбүз менен көрүү биз үчүн өтө пайдалуу.
Өз кезегинде Хамид Карзай эгер АКШ баштаган эл аралык коалиция тездетсе, ооган армиясы жана полициясы өлкө коопсуздугу үчүн жоопкерчиликти өзүнгө алганга даяр деди:
- Зарыл болсо оогандар өткөөл жараянын тездетүүгө даяр. Бул бардык жагынан алганда биз үчүн жана НАТО үчүн жакшы кабар.
НАТО башындагы көп улуттуу күчтөр 2014-жылы Ооганстандан биротоло чыгып кетет.