Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:16

Өкмөт келерки жылдын бюджетин бекитти


Келерки жыл бюджетинин кирешеси 97,8 млрд. сом, чыгашасы 115,2 млрд. сом, ал эми таңкыстыгы 17,4 млрд. сом болот. Каржы министри Ольга Лаврова таңкыстыктын негизги бөлүгү, т.а. 17,2 млрд. сому тышкы каржы булактардан, калганы ички булактардан жабылары күтүлүп жатканын кечээ өкмөттүк жыйында билдирди. Анын айтуусунда ички дүң продукциянын өсүшү 7% болот деп күтүлүүдө.

Каржы министрлиги мамлекеттик бюджетке салыктан 63,3 млрд. сом, андан тышкары 14,2 млрд. сом түшөт деп болжолдоодо.

Келерки жылдын бюджетине Ош, Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүүчү дирекцияны каржылоо киргизилген эмес. Негизинен Каржы министрлиги сунуштап жаткан мамлекеттик бюджетте Коргоо министрлигине 3 млрд. сом, коопсуздукка 7,6 млрд. сом, саламаттык сактоо тармагына 10,6 млрд., билим берүү жана илим жаатына 6,5 млрд. сом каралган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG