Кыргызстан эт-сүт экспортун өнүктүрүүнү кааласа эпизоотикалык абалын жакшыртууга тийиш. Бул тууралуу Швейцариянын кызматташуу бюросунун башчысы Лоран Ги кечээ кыргыз өкмөтү менен эл аралык донорлордун координациялык кеңешинин жыйынында айтты. Ал өз сөзүндө быйылкы окуялар алгач өлкөдөгү эпизоотикалык абалды жакшыртып, анан чет мамлекеттерге айыл чарба азыктарын сатууну өнүктүрүү тууралуу айтса жакшы болорун көргөзгөнүн баса белгиледи.
Ал эми Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы өкүлү Александр Кремер мамлекеттик бюджет таңкыстыгы өтө көптүгүн белгилеп, бул өлкөдө экономикалык өсүштөр болбой жатканынын эң негизги себеби деп белгиледи. Александр Кремер бюджеттин мындан да жаман абалга кептелбеши үчүн Кыргызстан үчүн кандай инвестициялар маанилүү экенин аныктоо – башкы маселе деп эсептейт.
Кыргыз өкмөтү менен эл аралык донорлордун координациялык кеңеши кечээ жыйынга чогулуп, аягында Кыргызстанды өнүктүрүү үчүн 2012-2014-жылдарга орто мөөнөттүү программаны ишке ашыруу боюнча келишимге кол коюлду. Келишимге кыргыз тараптан премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев, ал эми донорлор жактан координациялык кеңештин тең төрагасы, БУУнун системалык координатору Александр Аванесов кол койду. (ZKo)