Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Июль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:02

Орусияда оппозиция активистине массалык башаламандык боюнча айып коюлду


Константин Лебедев сотто. Москва, 18-октябрь, 2012-жыл.
Константин Лебедев сотто. Москва, 18-октябрь, 2012-жыл.
Тергөө комитети кечээ расмий айып койгон Константин Лебедев эгер күнөөлүү деп табылса, он жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Москванын соту кечээ эки айга камаган Лебедев - оппозициячыл “Солчул фронттун” лидери Сергей Удальцовдун кеңешчиси.

Удальцов, Лебедев жана кыймылдын дагы бир активисти Москвада башаламандык уюштуруп, өкмөттү кулатууну көздөгөн, бул иштерди каржылоо жагын грузин бийлигинин өкүлдөрү менен талкуулаган деп айыпталып жатканын Орусиянын тергөө комитети шаршембиде жарыялаган.

Кылмыш иштин козголушуна “Нааразылыктын анатомиясы -2” деп аталган фильмдеги фактылар негиз берди. Фильмди Кремлге ыктаган НТВ телеканалы 5-октябрда обого чыгарган.

Тергөөчүлөргө эч жакка кетпөө жөнүндө тил кат берген Удальцов өзүнө коюлган айыптарды четке каккан.

Ал - Орусиядагы акыркы парламенттик жана президенттик шайлоону коштогон митингдердин, “Миллиондор маршы” деген акциялардын башында тургандардын бири. (UE)

XS
SM
MD
LG