ЧУКУЛ КАБАР!
15-Ноябрь, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:56

Google интернет-компаниясынын акциялары 8% арзандады

Интернет-ишкананын акциялары бейшемби күнү үчүнчү кварталдын каржылык жыйынтыктары алдын ала белгилүү болгондон кийин кескин арзандап кетти. Жыйынтыктар божомолдорго караганда бир кыйла эле төмөн болчу. Маалымат Нью-Йорк биржа фондундагы соода башталганга чейин туура эмес, кокусунан жарыяланып кеткен, натыйжада Google интернет-компаниясынын акциялары 8% төмөндөп, биржада 695 доллар деңгээлинде жабылды.

Жакында эле Microsoft Corp ишканасын кууп жеткен Google интернет-компаниясынын кварталдык маалыматы биржадагы соода аяктагандан кийин жарыяланууга тийиш болчу. (ZKo)
​
XS
SM
MD
LG