"Ата-Журт" партиясынын лидери Камчыбек Ташиев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагынын ооруканасына которулду. Бул кабарды УКМКнын маалымат кызматы тастыктады. Ташиевдин адвокаты Икрамидин Айткуловдун "Азаттыкка" айтымында, анын ден соолугу кескин начарлагандыктан дарыгерлер ооруканага которушту.
Ташиев жана "Ата-Журттун" дагы эки депутаты - Садыр Жапаров менен Талант Мамытов 3-октябрда бийликти басып алууга аракет жасады деген шек менен 5-октябрда эки айга УКМКнын тергөө абагына камалган.
17-октябрда Ташиев ага карата козголгон кылмыш иш мыйзамсыз экенин билдирип, кургак ачкачылык жарыялоо менен суу ичүүдөн баш тарткан. (RK)