Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:37

Бишкек - Ош: Жол кырсыгында беш адам мерт болду

Октябрдын 17синен 18не караган түнү Бишкек-Ош унаа жолунун 160-чакырымында мамлекеттик номуру О 07 40 I Хонда-Степ үлгүсүндөгү унаа КАМАЗ унаасы менен сүзүшүп, беш адам набыт кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлайт. Каза тапкандардын баары Ош облусунун Ноокат районунун тургундары экени аныкталды. Алар 1956-жылы туулган Абдыматова Бухачиха, 1950-жылы туулган Жураева Фатима, 1971-жылы туулган Жураев Адугалип, 1955-жылы туулган Мамаремжалов Тыйчывай жана 1968-жылы туулган Мамалакат Жураева. (RK)
Куржундар
XS
SM
MD
LG