Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:48

Колония башчылары үчүн семинар өттү


Кыргызстандагы колония башчылары үчүн семинар өттү. Аны Европадагы коопсуздук жана кызматташтык, Freedom House жана USAID уюмдары уюштурду. 40 колониянын башчысы катышты. Алар жабык жайлардагы кыйноолорду алдын алуу, коррупцияга бөгөт коюу, адам укуктарынын корголушун камсыз кылуу багытында кеңири маалымат алды.

Укук коргоочулардын маалыматында, Кыргызстандын көпчүлүк жабык жайларында, айрыкча убактылуу кармоочу жайларда кылмышка шектүү деп камалган адамдардын укугу бузулат, алар түрдүү кыйноолорго кабылат. (RK)

XS
SM
MD
LG