Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Апрель, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 10:47

Бишкек - Ош жолунда кыймыл жөнгө салынды


Бишкек - Ош унаа жолунда кыймыл кайрадан жөнгө салынды. Бул тууралуу "Азаттыкка" ИИМдин Жол коопсуздугу боюнча башкы башкармалыгынын маалымат кызматынын өкүлү Кылычбек Мурзалиев билдирди. Анын айтымында, кардын тынбай жаашынан улам жолдо пайда болгон тыгын кечээ кечинде жоюлуп, жеңил унаалар үчүн жол толугу бойдон ачылды. Бирок оор жүк ташыган машиналар үчүн жолго чыгууга дагы эле уруксат жок. Төө-Ашуунун тегерегиндеги жол участокторунда учурда куткаруучулар, медиктер жана жол коопсуздугу боюнча кызматкерлер иштеп жатат. Төө-Ашууда мурдагы күнү 40 сантиметр кар жааган, азыр жаан-чачын жок экени, күн бүркөлүп турганы айтылууда. (RK)

XS
SM
MD
LG