Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:32

Бээжин талаштуу аралга аскерий кемелерин жиберди


Кытай көптөн бери Жапония менен талашып келаткан аралдын аймагына аскерий деңиз кемелерин жана авиацияларын жибергенин маалымдады. Бээжиндин бул кадамы бир аз тынчый түшкөн кайым айтышууларга дагы шыкак болчудай.

Жапония көзөмөлдүк кылган Сенкаку аралын Кытай бизге таандык деп талашып, аралды Дяоюйтай деп атап алган. Талаштуу аралда жаратылыш газынын жана кара майдын запасы болушу мүмкүн деген божомол бар. Жапония арал жеке адамга таандык экенин айтып, аны сатып алганын жарыялагандан кийин кытай өкмөтү муну мыйзамсыз жорук деп атап, аралды Кытайдын ажырагыс бөлүгү деп билдирген. Аралды Жапония ээлеп алышына каршылык билдирип, Кытайдын бир нече шаарларында нааразылык акциялары өткөн.

XS
SM
MD
LG