Түштүк Кореянын коргоо министри Ким Кван Чжин эгерде Түндүк Корея тараптан сокку урулчу болсо, Сеул жооп кайтарууга даяр турганын билдирди.
Буга чейин Пхеньян эки өлкөнүн чектеш аймактарына түштүк кореялык активисттер тарабынан ар кандай үгүт баракчалары аба аркылуу таратылып жатканын белгилеп, бул көрүнүш дагы кайталанчу болсо, “катаал сокку уруларын” эскерткен.
Аптанын башында Түштүк Кореянын президенти Ли Мен Бак эки өлкө чектешкен жердеги талаштуу Енпхендо аралына күтүүсүз сапары менен барган. Бул аймак мындан эки жыл мурун түндүк кореялык армия тарабынан аткыланган эле.
Президент Ли Мен Бак түштүк кореялык аскерлерге “өлкөнүн кызыкчылыгын коргоодо жаныңарды да аябагыла” деп кайрылды.