Кыргызстанда быйылкы ажылык сапарга чыгуучуларды эмдөөдө мыйзам бузуу болгон. Бул тууралуу Баш прокуратура кабарлайт. Кылмыш кодексинин "алдамчылык жол менен мүлккө зыян келтирүү", "мыйзамсыз ишмердүүлүк", "кызматынан кыянаттык менен пайдалануу" деген үч беренеси боюнча кылмыш иш козголду. Иликтөөнү Бишкек шаардык прокуратурасы жүргүзмөй болду.
Баш прокуратуранын маалыматына караганда, бир жеке ишкер адам медициналык ишмердүүлүккө уруксаты жок туруп үч миңдей адамга ийне сайган. Өзүнүн мыйзамсыз ишин жашырыш үчүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин айрым кызматкерлери менен сүйлөшүп, жасалма документтерди чыгарган.
Ош облусунда быйыл ажыга барам деп жолго чыгаар алдында эмделген беш адам ийне сайдыргандан кийин сыркоологонун, ооруган белгилери окшош болуп, төртөө көз жумганын "Азаттыкка" укук коргоочу Изатулло Рахматуллаев 16-октябрда билдирген.
Ал эми Саламаттыкты сактоо министрлигинин санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин эпидемиологиялык көзөмөл бөлүмүнүн башчысы Зуридин Нурматов Ош облусунда ажылык сапарга чыгам деп эмдөөдөн өткөн адамдардын айрымдары вакцинага байланыштуу каза болду деген маалымат жок экенин "Азаттыкка" билдирген. Ош облусу боюнча быйыл зыяратка барам деген 825 кишиге, Ош шаарында 279 кишиге ийне сайылганын, эмдөөнү Мамажусупов аттуу жарандын жеке менчик клиникасы жасаганын айткан. Бирок кимге кандай шартта кайсы вакцина сайылганы боюнча маалымат жок деген:
Мамлекеттики болсо текшерсек боло берет, а жеке менчиктер бизди киргизбей коюшка акылуу. Ош облусундагы жана шаардагы текшерүүгө биздин кызматкерлер - санэпидборборундагы дарыгерлер барса эмдөөнү жасап жатыптыр, бүтүп коюптур. (RK)