Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:13

Акыйкатчы: Дарыгерлер Ташиевге витаминдерди куюп жатат


Камчыбек Ташиевдин ахыбалы азыр бир топ оор бойдон. Бул тууралуу "Азаттыкка" акыйкатчы Турсунбек Акун билдирди. Ал бүгүн Ташиев менен жолукканын, бир сааттай сүйлөшкөнүн айтты:

16-октябрда түшкү тамагын ичип, ошо бойдон ачка экен. Эки күндөн кийин кан басымы жогорулаганда дарыгерлер ооруканага жаткырыптыр. Алар витаминдерди куюп жатышат.

Турсунбек Акундун айтымында, Камчыбек Ташиев ага карата кылмыш иши козголгону мыйзамсыз экенин билдирди. (RK)

XS
SM
MD
LG