Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:17

АКШ Тажикстанга 9,5 миллон доллар жардам берет


АКШ өкмөтү бөлгөн бул каражат чек араны бекемдөө, тартип коргоо органдарында реформа жүргүзүүгө, маңзат айлантууга жана адам сатууга каршы иштерди жасоого жумшалат. Анын 1 миллион доллары маңзат менен шугулданган ири кылмышкерлер менен күрөшүү үчүн “Борбор Азиядагы маңзатка каршы демилге” уюму тарабынан берилет. Буга чейин Сорос кору түзгөн “Ачык коом” институту өз баяндамасында маңзат айлантууга каршы жеткиликтүү күрөш жүргүзө албаганы үчүн тажик бийлигин сындаган. Институттун баяндамасында “Борбор Азия өлкөлөрүнүн өкмөтү материалдык жардамдарды максатсыз пайдаланган”,-деп айтылган эле. Акыркы 20 жыл ичинде АКШнын Дүйшөмбүдөгү элчилиги демократиялык институттарды колдоо үчүн жалпы эсеби 984 миллион доллар бөлгөн.

XS
SM
MD
LG